Чүй облусунун Жайыл районун прокуратурасы тарабынан Кара-Балтада жайгашкан аялдардын псионеврологиялык стационары текшерилди. Аталган мекеменин «Маралга» берген маалыматы боюнча, бейтаптардын укуктары одоно бузулгандыгы аныкталды.
Жайыл райондук прокуратура тарабынан бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү үчүн материалдар Жайыл райондук ИИМге жиберилди.
Эске салсак, 25-октябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы психоневрологиялык ооруканадагы бейтаптар адам чыдагыс шартта кармалганы тууралуу маалыматтар чыккан.
Кыйноолорду алдын алуу борбору суук болмөдө 6 алты аял, кийимдери жок абалда жаткандыгы тууралуу маалымат берген. Аталган борборго экинчи ирет барганда баштагы абал кыйла жакшырган.
Мекеменин кызматкерлери бул бөлмө психикалык жактан артта калгандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн “изоляциялык бөлүм” катары колдонуларын билдирген.