Connect with us

«Аягына чыга албай жатабыз». Ташиев коррупция жоюлбай жатканын айтты

Кыска кабар | 31 Окт 2024 | 293 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 31-октябрда Ош-Ноокат-Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгүн ачуу иш-чарасында сүйлөп жатып, коррупция менен күрөшүү аягына чыкпай жатканын, себеби тамыры өтө көбөйүп кеткенин айтты.

«Кайсы мамлекеттик кызматка келбесин, байыган, жакшы жашап келишкен. Кызматка келгенден кийин коррупция иштерин улантышкан. Коррупция жөнөкөй жарандардын арасында жок, жалаң мамлекеттик кызматтарда, жалаң бийликти, байлыкты кармап тургандардын арасында бар. Ошолор менен күрөшүүнүн негизинде бүгүнкү күндө кайсы бир деңгээлде азайттык, бирок аягына чыга албай жатабыз, өтө көп экен булар. Күнү-түнү иштесек да аягына чыга албай жатабыз, бирок чыгарабыз» , — деди Камчыбек Ташиев.

Ал мыйзамсыз ээлеп алган жер аянттарын мамлекетке өткөрүү иштери уланарын да кошумчалады.

31-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда узундугу 6 чакырымды түзгөн 4 тилкелүү жол реконструкциядан кийин колдонууга берилди.

Ноокат шаарын аралап өткөн Ош — Баткен — Раззаков эл аралык маанидеги унаа жолу 4 тилкелүү болуп, ирригация, жарыктандыруу, жашыл аймак жана тротуарлар 80 пайыз жасалды. Калганы 10-ноябрга чейин жасалып бүтөт.

Кыркол-Сай көпүрөсүнүн реконструкция иштери 80 пайызга аяктап, 10-ноябрга чейин ишке берилсе, 43 чакырымды түзгөн Чили-Сай көпүрөсү менен 63 чакырым узундуктагы Абшыр-Сай көпүрөлөрү толук жасалып бүттү.

Copyright © 2017 Maral FM