Connect with us

2025-жылы Кумтөрдөн 10,4 млрд сом киреше түшүүсү күтүлүүдө

Кыска кабар | 29 Окт 2024 | 147 | 0

2025-жылы Кумтөр алтын кенинен 10 млрд 454 миллион сом киреше түшүүсү пландалууда. Бул тууралуу Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында 2025-жылдын бюджети каралып жатканда, финансы министри Алмаз Бакетаев айтты.

«Эмки жылы Кумтөр алтын кенинен 10 млрд 454 миллион сом киреше түшөөрүн пландаштырып жатабыз. Анткени, жаңы технологияларды киргизип, жаңы өндүрүштүк ыкмалар колдонулат. Ошондуктан капиталдык чыгымдар көбүрөөк болот. Андан кийинки жылдары киреше көбөйөт», — дейт министр.

Ал эми быйылкы жылдын жыйынтыгы менен 11,5 млрд сом түшүүсү күтүлүп жатат.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын төрагасынын орун басары Канымет Токтосунов Кумтөр алтын кенинин эмки жылдагы кирешесин пландоо аягына чыга электигин, учурда пландоо жүрүп жатканын, ушул жылдын 15-декабрына чейин чыгарыларын айтты.

Канымет Токтосунов жыл соңуна чейин «Кыргызалтындан» болжолдуу түрдө 11 млрд 385 миң 845 сом киреше түшүүсү күтүлүп жатканын белгиледи.

«Кыргызалтын» ишканасы жыл башынан бери 101 кг алтын өндүргөн. Ал эми салык жана башка төлөмдөр аркылуу мамлекеттик бюджетке 823 миллион сом салык төлөнгөн.

Жыл башынан берки тогуз айда Кумтөр алтын кенин казган ишкана салык жана башка төлөмдөр аркылуу мамлекеттик бюджетке 10 млрд 37 млн сом төккөн. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM