Connect with us

Мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыраткандын ордуна 100 миң сом айып салуу сунушталууда

Кыска кабар | 29 Окт 2024 | 299 | 0

Кыргызстанда мас болуп унаа айдаган жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунун ордуна 100 миң сом айыппул салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев сунуштап, долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоордо Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, мас абалында унаа башкарган жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.

Депутаттын пикиринде, мас абалында унаа айдоо жолдордогу эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бул көйгөй менен күрөшүүнүн жолдорунун бири — акчалай айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү.

«Мас абалында автомобиль башкарганы үчүн орчундуу сумманы төлөөгө мажбур боло турганын айдоочу баамдаганда, бул ооздуктоочу фактор катары кызмат кылышы мүмкүн. Социалдык изилдөөлөр чоң айып пулдар укук бузуулардын санын азайтканын көрсөтүп турат, анткени адамдар этияттуураак жана аң-сезимдүүрөөк аракет кылат экен. Айрыкча, айып пулдар алар үчүн гана эмес, айланасындагылар үчүн да олуттуу кесепеттерди алып келерин айдоочулардын түшүнүүсүнө жардам кыла алат. Чоң майнапка жетүү үчүн айып пул жетиштүү деңгээлде чоң болууга тийиш, антпесе, айдоочулар айып пулду кичинекей гана ыңгайсыздык катары кабылдайт» , — деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 2023-жылы 7810 айдоочу май абалында транспорт башкарып, айдоочу укугунан ажыратылган.

Ушул эле жылы транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылган айдоочулар тарабынан жасалган ар түрлүү 1577 укук бузуу катталган.

Кыргызстанда 2023-жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа айдагандарга карата жазалар күчөтүлгөн.

Мурда мас айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынып келсе, жаңы эреженин негизинде ичимдик ичип, рулга отургандар бир жылга айдоочулук укугунан ажырайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин да мас болуп кармалса, укуктан ажыратуу үч жылга узартылат.

Copyright © 2017 Maral FM