Бишкектеги гипермаркеттердин биринин унаа токтотуучу жайында машине сүзүп кеткен эки жашар кыз амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 27-октябрда борбордогу 7-апрель менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн унаа токтотуучу жайында болгон.
Саат 21:30 чамасында «Хонда фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 24 жаштагы Н.Р., жолдун четине чыгып баратканда эки жашар кызды сүзүп алган.
Наристенин баш мээси чайкалып, бетинин сол жагы сыйрылганы белгилүү болгон, ал амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Унаа айып жайга киргизилип, айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өттү. Бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда.