Биз менен байланышыңыз

ЖК интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пул салган долбоорду биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 88 | 0

Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы жыйынында «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттарда же интернет баракчаларында мазактоо, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинткен жеке жактарга – 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом өлчөмүндө айып салуу сунушалган.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан айыппулдун өлчөмү негизсиз жогору экенин айтып, мыйзам кабыл алынса, ал чиновниктер үчүн гана иштей турганын билдирди.

Депутат Эльвира Сурабалдиева айыппулдун өлчөмү калктын кирешесине жараша болушу керектигин белгиледи. Эл өкүлү Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн укук бузууларга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эмес, сот органдары юридикалык баа бериши керектигин айтты.

Депутат Камила Талиева кээде маалымат каражаттарында, интернетте негизсиз каралоолордун айынан жарандардын өмүр бою топтогон кадыр-баркы, аброю түшүп жатканын, ар бир адам өз сөзү үчүн жооп бериши керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого ээ болду.

«Сөгүп атышпайбы». Депутаттар интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пул салган долбоорду талкуулады

Copyright © 2017 Maral FM