Биз менен байланышыңыз

«Сөгүп атышпайбы». Депутаттар интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пул салган долбоорду талкуулады

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 225 | 0

Депутаттар парламенттин 23-октябрдагы жыйынында ЖМКлардагы жана интернеттеги жалган жалаа жана мазактоо боюнча Кылмыш-жаза кодексине кошумча беренени камтыган мыйзам долбоорун карап жатышат.

Депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоору керек экенин, мындай мыйзам сөз эркиндиги чектелбеген Америкада да иштей турганын белгиледи. Ошол эле учурда айып пулдун өлчөмүн азайтуу сунушун туура көрөрүн айтты.

«Социалдык тармактарда эң көп сынга кабылган депутаттардын катарына мен кирем. Эмне гана айтышпайт. Мейли менин позициям үчүн сындашсын, мен ага чыдайм, себеби менин жумушум ошондой. Бирок башкасын да билип койгондой, жаныбызда жүргөндөй айтып атпайбы. Андай болбош керек. «Туура эмес иштеп атасыңар» деп айтса айтсын, бирок алар дагы да тереңдетип, оордотуп атпайбы, сөгүп атпайбы» , — деди депутат Түлөбаев.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу каралган.

Буга чейинки талкууларда мыйзам долбоорун артка кайтарып, айып пулдун өлчөмүн азайтуу, чечим чыгаруу укугун сот органдарына берүү сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM