Connect with us

Кыргыз-кытай чек арасында 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 17 Окт 2024 | 111 | 0

17-октябрдын таңында саат 04:23 чамасында кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 80 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 150 чакырым жана Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 153 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарында — Бедел, Ыштак, Кара-Сай айылдарында жер титирөөнүн күчү — 4 балл, ал эми Кумтөр кенинде 3 баллга чейин сезилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM