Биз менен байланышыңыз

Балдарын кароосуз калтырган мигранттарга айып пул салуу сунушталды

Коом , Экономика | 10 Сен 2024 | 369 | 0

Кыргызстанда балдарын кароосуз калтырган миграцияда жүргөн ата-энелерге айып пул салуу сунушталууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында министрликтин кызматкерлери 287 миң үйдү кыдырып, ата-энеси эмгек миграцияда жүргөн 84 миңден ашык баланы аныкташкан. Алардын ичинен 42 миңден ашыгы расмий камкордукка албаган туугандарынын үйүндө жашашат.

Министрликтин Үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Төрөгелдиев Балдар кодексине «эмгек мигранттарынын балдары» деген түшүнүктү киргизүү сунушталып жатканын билдирди.

Айтуусунда, балдарды 15 күндөн ашык кароосуз калтырса, ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга 15 миң сомдон айып пул салуу каралууда.

Бул эмгек мигранттары менен алардын ата-энелик жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

«2021-жылы миграция маселелери боюнча Кыргызстандын президентинин жарлыгы чыккан. Анда балдарга, балдарды калтырып кеткен ата-энелер үчүн атайын тиешелүү багытта иш алып барылышы керек деп көрсөтүлгөн. Ошонун ичинде эмгек миграцияда жүргөн ата-энелер менен өзүнчө багытта иш алып баруу каралган. Себеби бүгүнкү күндө ата-энелердин көбү чет өлкөдө жүргөндүктөн, алар менен байланышып, балдарына камкорчу даярдоодо документ маселелерин чечүү оор болуп жатат. Муну менен катар сыртка кетип, такыр байланышпаган ата-энелер да бар. Булардын баарын эске алып, жөнгө салуу пландалууда. Ата-энелер чет жакка чыгып жатканда, социалдык кызматкерлерге баласын калтырып жаткандыгы тууралуу маалымат бербесе, ошол боюнча жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда. Мындай учурлар үчүн мыйзамда ата-энелерди аталык жана энеликтен укуктан ажыратуу каралган. Бул ар кандай себептер менен болуш керек. Министрлик ата-энеси миграцияда жүрөт деп, укуктарынан ажыратып коюудан алыспыз. Себеби көптөгөн ата-энелердин балдары миграцияда жүрөт. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Элдин сунуш-пикирин эс алуу менен иштелип чыгат».

Өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлиги эмгек мигранттары менен алардын ата-энелик жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча келишим түзүүнү сунуштаган. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, көпчүлүк баланын ата-энеси миграцияда. Ошол эле учурда министр муну чечүү оор маселе болуп жатканын айткан.

Келишим балдардын коопсуздугун, билим алуусун камсыздоо максатында түзүлөрү айтылган.

Социолог Самарбек Сыргабаев мигрант ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди туура деп эсептейт.

Адис мамлекет жумуш орундарын түзүп, чет өлкөгө жумушка кеткендердин санын азайтуу багытында бир катар иштерди аткарып жатканын белгиледи.

Ал бирок мамлекет мигранттарды толук жумуш менен камсыздабай туруп, мындай талапты койгонун туура эмес деп эсептейт.

«Эмгек миграциясында жүргөн ата-энелердин балдары чынында эле коомдун аярлуу катмарларына кирип калды. Өткөн жылы биз социологдор Айылды өнүктүрүү фондунун бир долбоорунун алкагында изилдөө жүргүзгөнбүз. Анда Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө балдардын маселелери боюнча комплекстүү изилдөө жүргүздүк. Балдар үйүндөгү жана интернаттагы балдардын дээрлик басымдуу бөлүгү, башкача айтканда 95 пайыздын тегерегинде бул социалдык жетимдер болуп эсептелинет. Өзүнүн биологиялык ата-энеси тирүү болуп туруп, багуусуз, кароосуз калгандар. Бул жерде өкүндүрө турган маселелер бар. Себеби мындай балдар көп жерден ар кандай көйгөйлөргө туш болушат. Мисалы психологиялык, балдардын чөйрөсүндө адаптация болуусунда, билим алуусунда көп көйгөйлөр жаралат экен».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, ата-эне миграцияга кетүүнүн алдында балдарын тиешелүү мыйзам чегинде калтырып кетүүгө милдеттүү. Балдар 18 жашка чыкканга чейин ата-эне алардын өсүп, өнүгүүсүнө шарт түзүүгө милдеттүү. Балдарды багууга милдеттенме алган жак мыйзам чегинде ата-эненин милдеттерин аткарууга тийиш.

Буга чейин бул маселе парламенттик фракциянын жыйынында депутат Чынберди Төлөнов тарабынан да көтөрүлгөн.

Ал учурда көпчүлүк ата-энелер балдарын калтырып, чет жакка миграцияга кетип жатышканын, мигранттардын балдарынын билим алуусуна жетишерлик көңүл бурулбай жатканын айткан.

«Учурда тышкы, ички миграция көбөйүп жатат. Мектептеги билим берүүгө терс таасирин тийгизип жатат. Себеби ата-энелердин көбү Орусия, Америка, Түштүк Корея жана башка бир катар өлкөлөргө чыгып кетишүүдө. Бирок алардын балдарынын билим алуусуна жетишерлик көңул бурулбай жатат. Бул маселенин кантип алдын алуу керек? Ушулар боюнча кандай иштер жүрүп жатат?».

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы текшерүүгө алынган 192 миң үй-бүлөнүн ичинен 72 миң бала кароосуз калтырылган.

Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 2014-жылы 17 жашка чейинки балдардын 11 пайызынын же атасы же апасы чет өлкөдө жашачу.

Ата-энеси чет жакка иш издеп кеткенден кийин балдар адатта туугандарынын колунда калышат. Көп учурда чоң ата-чоң энесинин колунда болушат.

Copyright © 2017 Maral FM