Биз менен байланышыңыз

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун оңдоо иштери толук аяктады

Кыска кабар | 9 Сен 2024 | 165 | 0

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда оңдоп-түзөө толук аяктап, оюндарды өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агентигинен билдиришти.

Стадионду оңдоо  иштери июнь айында башталган. Ал жаңылангандан кийин эл аралык стандарттарга жооп берип, күйөрмандар электрондук турникет аркылуу киргизилери айтылган.

Ал эми Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо алгачкы оюн 10-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда болот.

Стадион – Бишкекте эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал «Спартак» стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн.

1963-жылы кайрадан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрманга ылайыкташкан орундуктар жана спорт ийримдери үчүн жайлар бар.

Copyright © 2017 Maral FM