Биз менен байланышыңыз

Бүгүн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат

Кыска кабар | 8 Сен 2024 | 118 | 0

Бүгүн, 8-сетябрда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борбору Астана шаарында башталат.

Ага президент Садыр Жапаров Астагана болгон иш сапарынын алкагында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышаары маалым болгон.

Кыргызстандан 253 сопртчу катышат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт. Ага 80ге жакын өлкөдөн 4 миң спортчу келери күтүлүүдө. Мелдештер шаардын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медал ойнотулат.

Көчмөндөр оюндары алгач 2014-жылы Кыргызстандын демилгеси менен башталган. Эки жылда бир жолу болчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары катары менен үч жолу Кыргызстанда өткөн.

2022-жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM