Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Иран менен Кыргызстандын футболчулары ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 5 Сен 2024 | 366 | 0

Бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Иран менен беттешет.

Беттеш 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Ирандын Исфахан шаарындагы «Фулад Шехр» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында саат 20:00дө бардык футбол күйөрмандары үчүн Иран жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө фан-зона уюштурулат.

Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын оюнга чейинки маалымат жыйында Ирандын курамасында күчтүү оюнчулар бардыгын, алардын оюнун толук анализдеп, талкууланганын айткан.

«Биз Иранды эң жакшы жагынан гана билебиз: Командада көптөгөн күчтүү футболчулар бар. Албетте, биз дагы өзүбүздүн мыкты жактарыбызды көрсөтөбүз. Эртеңки беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Бизде атаандаш боюнча жетиштүү маалымат бар, анткени Ирандын курама командасы бир топ убакыттан бери учурдагы курамы менен ойноп келет. Биз алардын оюндарын анализдеп, маалыматты оюнчуларга жеткирдик.

Биз Ирандын чабуулга көбүрөөк маани берээрин жана убакыттын көпчүлүк бөлүгүн коротоорун түшүнөбүз. Бирок, биздин чабуулдарыбыз да кооптуу болот деп пландап жатабыз» ,-  дейт Максим Лисицын.

Буга чейин Кыргызстан менен Иран улуттук курамалардын төрт жолу ойношкон. Баардык беттеште Иран курамасы жеңген.

Copyright © 2017 Maral FM