Биз менен байланышыңыз

Депутат Динара Ашимова «Ыйман нуру» фракциясынын лидери болду

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 187 | 0

Депутат Динара Ашимова Жогорку Кенештеги «Ыйман нуру» фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында аталган фракциянын мүчөсү Султанбай Айжигитов айтты.

«Ыйман нуру» фракциясын буга чейин жетектеп келген Нуржигит Кадырбеков 30-августта мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК анын арызын ошол эле күнү карап, мандатынан ажыраткан. Анын алдында Кадырбеков УКМКга сурак берип чыккан.

Нуржигит Кадырбековдун бошогон мандаты «Ыйман Нуру» партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге берилди.

Copyright © 2017 Maral FM