Биз менен байланышыңыз

Жаш балбан Асан Жанышов Дүйнө чемпионатында алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 4 Сен 2024 | 335 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар (U-20) курама командасы мүчөсү Асан Жанышов Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алды.

Балбан 87 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык беттеште грузиялык балбан Ачико Болквадзени 11:3 эсебинде утту.

Чейрек финалдык беттеште Швециянын балбаны Хамза Сертканлини 7:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалдык беттеште румыниялык Патрик И. Горданды 8:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Алтын медаль үчүн беттеште Азербайжандын балбаны Жожу Самедовду 8:0 эсебинде утуп, өз салмагында Дүйнө чемпиону болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM