Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык жаш дзюдочулар Азия чемпионатында эки алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 3 Сен 2024 | 322 | 0

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курамасы Азия чемпионатында 10 медаль алды. Анын экөө алтын, сегизи коло.

Жаштар арасында (U-20) Эржан Канатбеков (81 кг) жана Эмирхан Жолдошбеков (+100 кг) алтын алды.

Өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев (50 кг), Адис Орозмаматов (60 кг), Айдай Какитаева (57 кг) жана Азима Конокбаева (70 кг) коло медал тагынышты.

Алина Молдокулова (70 кг), Жанара Жолдошева (57 кг), Мырзайым Дуйшенбекова жана Адина Көчкөнбекова (63 кг) да үчүнчү орунду ээлешти.

Дзюдо боюнча Азия чемпионаты Түштүк Кореянын Мунгён шаарында 31-августтан 1-сентябрга чейин өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM