Биз менен байланышыңыз

«Тез жардам» айдоочусу маңзат колдонгон делген маалыматты четке какты

Кыска кабар | 28 Авг 2024 | 294 | 0

Бишкекте 27-августта болжол менен түнкү 23:00 чамасында тез жардам унаасы катышкан жол кырсыгы катталганын 28-августта милициянын кайгуул кызматы тастыктады.

Манас проспектиси менен Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасыны «БМВ-520» унаасы менен сүзүшкөн. «БМВ-520» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 18 жаштагы Б. С. экендиги аныкталган.

Милициянын жол кайгылуу кызматынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерден эки унаанын тең айдоочуларын наркологиялык борборго барганда, 44 жаштагы тез жардам унаасынын айдоочусунун маңзат колдонгону аныкталган. Ал эми «БМВ-520» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу таза чыккан.

Ал эми «Тез жардамдын» айдоочусу баңгизат менен аныкталды деген маалыматты Тез жардам борбору четке кагууда. Тез жардам борборунун башчысы Искендер Шаяхметовдун айтымында, кырсыктан кийин айдоочу баса албай калып, жеринде трамадол-наркотикалык эмес опиоиддук ооруну басаңдатуучу дары сайылган. Бардык далилдер бар экендигин (документтер, рецепт) жана ампула лабораторияга тапшырылаарын клшумчалаган.

Кырсыктан тез жардам унаасынын айдоочусу жана дарыгер ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми ичиндеги жаран экинчи жол кырсыгынан эч кандай жаракат алган эмес.

Текшерүүнүн алкагында экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

Кырсык болгон жерге Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да келген.

Copyright © 2017 Maral FM