Биз менен байланышыңыз

«Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун». Президент орусиялык ырчылар боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 28 Авг 2024 | 413 | 0

Президент Садыр Жапаров 31-августта Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк майрамына арналган концертке ырдаганы келчү орусиялык ырчылар тууралуу 27-августта “Кабар” мамлекеттик агенттигине комментарий берди.

Ал орусиядан келчү ырчылар акысыз ырдай туганын айтып, бир гана жата турган жерин жана тамак-аш менен камсыздалаарын кошумчалаган.

«Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей койот дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча- мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз»,- деген президент.

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов да орусиялык ырчылар боюнча комментарий берген. Анда алар өздөрү байланышып, ырдап берүүнү демилгелегендерин айткан. Ошондой эле министр эгемендик майрамы үчүн жасалып жаткан иш-чараны саясатка айландырууну токтотуу керектигин кошумчалаган.

Министрлик Ала-Тоо аянтында кыргызстандык жана орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык ырчы Боссон, италиялык ырчы, композитор Ин-Грид ырдай турганын билдирген.

Социалдык тармактарда Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп жаткан концертке орусиялык ырчылардын келүүсүнө каршы пикирлер айтылууда. Аны менен катар алардын келүүсүн колдогондор да бар.

Copyright © 2017 Maral FM