Биз менен байланышыңыз

28-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Авг 2024 | 95 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-августта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күңдүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус жылуу болот.

Бишкектетүнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM