Биз менен байланышыңыз

Депутат Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирди

Кыска кабар | 22 Авг 2024 | 335 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 22-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына суракка киргендиги тууралуу «Азаттык» жазды.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, УКМКнын тергөөчүсү аны уюлдук телефондон эле чалып чакырганын, “Ыйман” фонду боюнча болушу мүмкүн экендигин айткан.

«Кыязы «Ыйман» фонду боюнча суракка чакырышты. Тактасын, көрсүн, суроолорду беришсин. Эӊ башкысы көӊүл ток. Каржы жагында эч кандай маселе болгон эмес. Бул жумуштан дээрлик алты жыл мурда кеткем. Андан бери кайсыл кагаздар калды, кайсыл кагаздар жок мен билбейм да. Бирок биз бардык ишти мыйзам чегинде кылганбыз», — деди ал.

Нуржигит Кадырбеков суракка жактоочусу жок эле кирген.

Copyright © 2017 Maral FM