Биз менен байланышыңыз

ИИМ Болгарияда Кыргызстандан барган делген баңгизаттардын кармалышы боюнча үн катты

Кыска кабар | 14 Авг 2024 | 314 | 0

Кечээ, 13-августта «Associated Press» маалымат агенттиги Болгария мамлекетинин укук коргоо органдары тарабынан 436 килограмм салмактагы «героин» баңгизаты кармалганын, ал баңгизаттар Кыргызстандан барган жүктүн ичинде катылганын жазган.

Министрлик билдиргендей, бул маалымат Кыргызстандын ЖМКларында жана социалдык тармактарда тарап жатат. Бирок, Болгариянын мамлекеттик органы тарабынан бул маалымат расмий түрдө жөнөтүлгөн эмес.

«Бул окуя боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өз кезегинде мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Азыркы убакта жүк Батуми шаарынан барганы маалым жана мындан аркы маалыматтар такталып жатат. ИИМдин жетекчилиги ири өлчөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз жүргүртүүдөн алуу приоритеттү багыттардын бири деп эсептейт. Бул багытта тийиштүү деңгээлде иштер жүрүп жатат», — деп кошумчалаган ички иштер министрлиги.
«Associated Press» маалымат агенттиги Болгария мамлекетинин укук коргоо органдары тарабынан 436 килограмм салмактагы баңгизаттын баасы 38 млн доллар деп жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM