Биз менен байланышыңыз

Бишкекте белгилүү скрипач Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт

Кыска кабар | 13 Авг 2024 | 193 | 0

Бишкекте 29-августта Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт туризм жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Даниэль Лозакович 23 жаштагы белгилүү швециялык скрипка-виртуозу, кыргыздын жээн, “Скрипканын ханзаадасы” лакап аты менен белгилүү Даниэль Лозакович Моцарт менен Сибелиусту аткарат.
Даниэлди бала кезинде окуткан Михаил Казиникти атайын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте өтө турган концертине чакырган.
Михаил Казиник кыргыз музыка сүйүүчүлөрүн улуу композиторлордун укмуштуудай сырлары менен тааныштырат.
Бул концерт классикалык музыканын бардык күйөрмандары үчүн чыныгы музыкалык майрам жана дээрлик 300 жыл болгон Страдивари скрипкасынын үнүн угууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM