Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бокс академиясы салынат

Кыска кабар | 13 Авг 2024 | 408 | 0

 Кыргызстанда бокс академиясы курулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Кыргызстандын олимпиада курамасынын катышуусунда өткөн маалымат жыйында айтылды.

Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Кыргызстанда бокс академиясы ачыла турганын айтты. Анын айтымында, учурда академия куруу үчүн жер бөлүнгөн.

«Долбоор даярдалган жана бекитилген. Азыркы учурда даярдык иштери жүрүүдө», — деди Абдымомунов.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча биринчи жолу Олимпиадага лицензияны мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алган. Ал Париж Олимпиадасында финалга чейин жетип, күмүш медал тагынды. Натыйжада Мунарбек Сейитбек уулу кыргыз бокс тарыхында жаңы барак ачты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM