Биз менен байланышыңыз

Беганас Султанбаев: Олимпиада комитети машыктыруучулар маселесин кийинкиде эске алса…

Спорт | 5 Авг 2024 | 323 | 0

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат бөлүмү Кызжибек Жээнбек кызы мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин Парижге барбай калган себебин түшүндүрдү.

“Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок».

Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиадага барбай калгандыгы тууралуу Фейсбук баракчасында мынтип жазган:

«Парижге баарыңыздар барсын деп жатасыздар мен да баргым келди, бирок жөн эле билет алып бара албайт экенсиң. Виза алуу маселесинде жок дегенде бир жума убакыт кетет экен, билесиздер бир жумадан кийин Париж Олимпиадасы да аяктайт.

Албетте мындай чоң иш чараларга Олимпиадага ар бир спортчунун жеке машыктыруучулары барса жакшы болмок, себеби ал өзүнүн окуучусун беш колундай билген инсан болот. Кайсыл жерде, жана кандай мезгилде шакиртине эмнелерди айтуусу керектигин да билет, жана окуучусун бир көз караштан эле сезип жана түшүнүп турат.

Тилеке каршы кээде өзүңдүн окуучуңдун таймашуусун сыналгыдан көрүп олтурууга туура келет экен. Бул маселени кийинчерээк Улуттук олимпиада комитети эске алат жана чечет деген ишеничтемин».

Эскерте кетсек 4-августта Султанбаевдин беттешке сыналгы аркылуу көз салып, Мунарбек Сейитбек уулуна күйөрмандык кылып жаткан видеосу тарап, социалдык тармактарда ар кандай талкууга алынган болчу. Буга Султанбаев шакиртинин жетишкендиктерине кубанып, дагы да көп ийгиликтерди каалады.

«Кече күндөн бери менин менин окуучум Сейитбек уулу Мунарбектин бокс боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыгышына кубанган видео аябай тарап кетиптир, мен ушул күндү 20 жылдан бери арзуу кылып келе жаткан максатым орундалып жатат деп сүйүнгөнүмдөн ошондой эмоция менен, сүйүнүчтүн көз жашы коштолгон видео болуп калды.

Менин ичимде болгон кубанычымды  сиздер да тең бөлүшкөнүңүздөр үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем урматтуу кыргызстандыктар!»

Маалымат үчүн, Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Ал 4-августка караган түнү 57 килограмм салмакта чейрек финалда дүйнө чемпиону жана Панамерика оюндарынын жеңүүчүсү, АКШ мушкери Жамал Харвини 3:2 эсебинде жеңди.

Ал эми Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист Ассоль Молдокматова Парижде өтүп жаткан олимпиадалык оюндарга кыргызстандан спортчулардын ийгилигине таасир этпеген атка минерлер да барганын айтып нааразылыгын билдирди. Ошондой эле коомдук ишмер президентке Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусуна батир бөлүп берүүнү өтүнүп кат жолдоду.

«20 жылдан бери Чемпион болуу үчүн жанын, билимин, нервин жумшаган адам албетте мындай учурда мушкердин жанында болушу керек. Мунарбек Сейитбек уулунун азыркы жетишкендигинин артында машыктыруучу Султанбаевдин эбегейсиз эмгеги турат. Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесине атлеттердин спорттук жыйынтыгына таасир эте ала тургандар эмес, аткаминерлердин туруктуу тобу  барганы кейиштүү. Тизмелерди туура эмес түзүү системасын жоюуга таасир этүүнү суранам.

Кыргызстандын спортун өнүктүрүүгө, стадиондорду, спорт залдарды, дене тарбия институтун реконструкциялоого сиздин эбегейсиз салымыңызды билип, өзүнүн жеке квартирасы жок спорт чебери Беганас Султанбаевге батир бөлүп берүүнү өтүнөм. Ал жатаканада үй-бүлөсү менен жашайт».

2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиадага Кыргызстандын делегациясынын курамына 40 адам кирген: 16 спортчу, 15 машыктыруучу, 2 дарыгер жана 2 массажист, ошондой эле расмий өкүлдөр жана журналисттер барышты.

Copyright © 2017 Maral FM