Биз менен байланышыңыз

Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине жөнөп кетти

Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 142 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Франциянын Париж шаарына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге» аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM