Биз менен байланышыңыз

Патент менен иштегендер башка салык режимине өтүүдө

Экономика | 24 Июл 2024 | 1260 | 0

Бүгүн Салык кызматы быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев өлкөдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү 5 млрд сомго ашыгы менен аткарылганын маалымдады.

Анын айтымында, Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу дээрлик 17 млрд сомго көп жыйналды.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 138 млрд 561,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

«Муну менен план 5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 22 млрд 395,8 млн сомго көбөйгөн же өсүү темпи 119,3%ды түздү. Анын ичинде 101 млрд 254,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 281,6 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 16 млрд 807,1 млн сомго көп жыйналды, өсүү темпи 119,9%га жетти. Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 37 млрд 307,3 млн сом болду, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд 588,7 млн сомго көп».

Салык кызматынын маалыматына ылайык, 6 айда ЭТТК системасында 51 миң 696 колдонуучу катталып, 52 миң 190 кампа ачылган.

Ошондой эле колдонуучулар тарабынан 525 миң 301 кириштөө документтери, 983 миң 188 эсептен чыгаруу документтери, 7 млн 232 миң ишке ашыруу документтери, 668 миң 546 көчүрүү документтери түзүлгөн. Системага 894 миң 682 уникалдуу товар кошулган.

Салык кызматы аны менен ыңгайлуу жана жеңил иштөө үчүн ЭТТК системасын өркүндөтүүнү улантууда.

Ал эми ушул жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 102 миңден ашык контролдук-кассалык машина колдонулууда.

Мекеменин төрагасынын орун басары Бекболот Алиев ККМдердин саны үч жыл ичинде 82 миң 586га көбөйгөнүн билдирди.

Ошондой эле ал мындан ары да ишкерлерге ККМди колдонууга өтүү боюнча түшүндүрүү иштери улантыларын белгиледи.

«Өлкөдө аппараттык ККМ 75 миң 965 жана программалык ККМ 26 миң 86ди түздү. Мындай өсүшкө салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, ККМди акысыз негизде таратуу боюнча өнөктүктү бир нече жолу өткөрүүнүн аркасында жетишилди. Ошону менен бирге салык мыйзамдарында жеңилдиктерди берүүнүн жыйынтыгы да оң натыйжаларды көрсөттү».

Салык кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр өлкөгө 56 млрд 751 млн сомго карыздар.

2024-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарынын суммасы 58 млрд 877,3 млн сомду түздү.

Алардын ичинен 211 миң 898 субъекттин салык боюнча 56 млрд 751,7 млн сомдук, ал эми 48 миң 663 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 млрд 125,6 млн сомдук карызы бар.

Мындан тышкары Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев өлкөдө учурда патент менен иштегендер толугу менен башка салык режимине өткөнүн билдирди.

«Патент менен иштөө жоюлгандан бери соода чөйрөсүндөгү 82 миңден ашык ишкер башка салык режимдери менен иштеп башташты. 65 миң 745 субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандашкан. Ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген «Дордой» жана «Тураталы эл базары» («Кара-Суу») базарларында иштеген 17 миң 141 ишкер өзгөчө салык режимине өттү”.

2024-жылдын 1-июлунан тартып республика боюнча соода ишмердигине патент берүү жокко чыгарылган болчу.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында республиканын салык органдары тарабынан салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча 13 миң 243 субъекттин арасында салык контролу жүргүзүлдү, 6432 субъектте мыйзам бузуулар катталган.

Анын ичинде 1 миң 127 субъекттин уруксат берүүчү документтери жок болгон, 511 субъекттин патентти колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен, 225 субъекттин ККМдери жок, ККМ чектерди кассалык аппараттан өткөрбөө жана бербөө боюнча 2 миң 762 субъект, акциздик марканын жоктугу же акциздик товарларда акциздик маркалардын шайкеш эместиги боюнча – 127 субъект, камсыздандыруу төгүмүн төлөбөгөн – 93 субъект жана башка бузуулар боюнча 1 миң 173 субъект аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM