Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын волейболчу кыздары CAVA чемпионатын утуп алышты

Кыска кабар , Спорт | 24 Июл 2024 | 471 | 0

Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар арасында жаштар курама командасы (U-20) Мале шаарында (Мальдив Республикасы) өтүп жаткан CAVA чемпионатында биринчи орунду ээледи.

Кыргызстандыктар мелдештин биринчи айлампасында Мальдивдин улуттук курамасын 3:0 эсебинде утса, экинчи айлампада Непал өлкөсүн 3:0 эсебинде жеңген. Ал эми үчүнчү айлампада Шри-Ланканын курама командасына 3:2 эсебинде жеңилген.

Жарым финалдык беттеште Непалдын курама командасын 3:0 эсебинде жеңди.

Биринчи орун үчүн беттеште Шри-ланканын командасын 3:0 менен жеңип мелдештин чемпиону болушту.

Мыкты чабуулчу — Роза Расулбек кызы;

Мыкты байланыштыруучу — Алия Керезова;

Мыкты тосмочу — Сайкал Амиракулова;

Мыкты диагональ чабуулчу — Айтурган Айтбекова;

Турнирдин эң баалуу оюнчусу — Роза Расулбек кызы.

Курама команда башкы машыктыруучу Курсантбек Уланбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Copyright © 2017 Maral FM