Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди камакка алуудан коргогон мыйзам кабыл алынды

Кыска кабар | 23 Июл 2024 | 335 | 0

Президент Садыр Жапаров  “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү” мыйзамга кол койду. Документ 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Максаты өлкөдөгү ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган.

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Ага ылайык, эгер мамлекеттик кызмат адамы мыйзамдуу ишкердик кылгандарга тоскоолдук жаратса кылмыш жоопкерчилиги каралды.

Мындан сырткары кызмат адамдары ишкердик субъектилерге мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзсө же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылса,  Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси менен жоопкерчилик күчөтүлдү.

Сот ишкерлер жана инвесторлорго карата бөгөт коюу чарасында биринчи кезекте электрондук билериктерди, күрөө менен же үй камагы чарасын колдонот. Башкача айтканда, мыйзам менен ишкерди камакка албоо каралган.

Документ расмий жарыяланган күндөн тарта он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM