Биз менен байланышыңыз

Олимпиадалык команданын формасынын баасы жана дизайнерлери ким экени айтылды

Кыска кабар , Спорт | 22 Июл 2024 | 513 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катыша турган кыргызстандык курама команданын кийиминин баасын жана дизайнерлери тууралуу маалымат берди.

Курама команда үчүн кийимдерди жергиликтүү дизайнерлер Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Владимир Арановский жана Нурсултан Муратов иштеп чыгышкан.

Форма Кыргызстандын мамлекеттик желегинин түсүн чагылдырат жана аба ырайынын шарттарын эске алуу менен спортчулар үчүн ыңгайлуулукту жана функционалдуулукту камсыздайт. Форма толугу менен атамекендик өндүрүштөгү жогорку сапаттагы материалдан жасалганы айтылды.

Форманын бир комплектисинин баасы (трикотаж кофта, юбка/шым, куртка жана бут кийим) 36 миң сомду түзөт.

Социалдык тармакта Олимпиадага бара турган спортчулардын кийими талкуу пайда кылды.

21-июлда президент Садыр Жапаров жайкы Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасына мамлекеттик тууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM