Биз менен байланышыңыз

Суусамырда алтыгана бадалы түз жерлерди да каптоодо

Кыска кабар | 22 Июл 2024 | 199 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын жана башка мамлекеттик органдардын Суусамыр өрөөнүндө алтыгана бадалына байланышкан көйгөйлөр менен таанышты.

Алтыгана бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын планынын негизинде иш алып баруу, аны айдоо аянттар менен жайыт жерлерге таралуусуна жол бербөө, сел коркунучу бар аймактар менен уулуу калдыктар сактоочу жайларга көчүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө алтыгана бадалын кайра иштетип, жер семирткич жана тоют чыгаруунун үстүндө иштөө тапшырылды.

Маалым болгондой, Суусамыр өрөөнүндөгү 472 миң гектар жайыт жердин 800 гектарын акыркы жылдары алтыгана каптай баштаган.

Суусамырдагы жапайы алтыгана бадалы менен күрөшүүдө министрлик биологиялык жана механикалык ыкмаларды колдонуп иш жүргүзүүдө. Бирок жыш өскөн тикенектүү бадал жайыттарды, жайлоолорду каптап, адырлардан өтүп, түз жерлерге чейин каптап жаткан учурлар катталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM