Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Мирзиёев Хивадагы тарыхый эстеликтерге барды (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 225 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Хива шаарындагы “Ичан-кала” мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругуна жана “Нуриллабой сарайына” барды.

“Ачык асман алдындагы музей” деп аталган ички чеп — Борбор Азияда сакталып калган жалгыз эстелик-шаар. Анда 120дан ашык архитектуралык эстеликтер орун алган. “Ичан-Кала” мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругунда 14 стационардык музей бар.

1990-жылы Хива шаары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, 1997-жылы 2500 жылдыгын белгилеген. 2020-жылы шаар Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору, 2024-жылы ислам дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланган.

“Нуриллабой сарайы” музейи XX кылымдын башында курулган. Комплекске медресе, галереялар менен байланышкан 100дөн ашык бөлмө кирет. Негизги бөлмөлөр каминдер, венециялык күзгүлөр жана хрусталь илмектери бар алтын жалатылган коло асма шамдар менен кооздолгон. Бүт комплекс узундугу 650 метрден ашкан бийик дубал менен, Хива мунаралары менен тосулган.

Президент Садыр Жапаров 18-19-июлда Өзбекстанда мамлекеттик сапары менен болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ондон ашык документке кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM