Биз менен байланышыңыз

Селден каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, үйү талкалангандарга миллион сомдон төлөнөт

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 384 | 0

Ош шаарында жана облуста селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир миллион сомдон компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

Ал бүгүн, 19-июлда тик учак менен облустун аймагындагы сел түшкөн жерлерди көрүп, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү.

УКМК төрагасынын айтымында, жабыркаган 56 үйдүн ээлерине 500 миң сомдон берилет, бул үйлөр каптилдык оңдоодон өтөт. Ал эми талкаланып калган 76 үйдүн ээлерине 1 миллион сомдон төлөнөт.

Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, каражаттын мактаттуу пайдаланылышын көзөмөлгө алууну тапшырды.

“Бирөө-жарым акча албай калса же алып, башка максатта пайдаланса, той-топурга барып жок кылып ийсе, чөнтөгүңөрдөн төлөйсүңөр, мен муну катуу көзөмөлгө алам” – деди Ташиев.

Ош мэриясынын Жарандык коргонуу комиссиясы селден жабыркаган соодагерлердин чыгымдарын эсептөө иштери башталганын 18-июлда кабарлаган.

14-июлда катуу жаандан кийин Оштогу Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, бир катар айылдарды сел каптады. Анын кесепетинен беш киши каза болуп, турак үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты.

Ташиев cелде жабыркаган соодагерлерди мыйзамды сактоого чакырды

Copyright © 2017 Maral FM