Биз менен байланышыңыз

Ташиев cелде жабыркаган соодагерлерди мыйзамды сактоого чакырды

Кыска кабар | 19 Июл 2024 | 419 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу борбордук базар башка жакка көчүрүлөрүн айтты. Ал 19-июлда Ош шаарына барып, Ак-Буура дарыясынын айланасындагы бардык мыйзамсыз курулуштар алынарын билдирди.

“Базарды башка жакка көчүрөбүз, себеби бул нерсе дагы кайталанышы мүмкүн. Эч ким кепилдик бере албайт. Базарды коопсуз жайга көчүрөбүз, жаңы базардан жайларды алып, коопсуз соода жүргүзөсүңөр” , — деди Ташиев.

Ал Ошто селден жабыркаган соодагерлерге мамлекет жардам берерин айтып, аларга тартиптүүлүк керек экенин кошумчалады. Жабыр тарткандардын көбү мыйзамды сактабагандар экенин айтты.

“Кырдаал болгондон бери анализдеп көрсөк, селден жабыр тарткандардын көбү негизинен мыйзамды сактабагандан болгон. Мыйзамды сакташпастан, керектүү эмес жерлерге дүкөндөрдү, көпүрөлөрдү куруп жана бийликти укпагандан ушул нерсе келип чыкты. Эми мындан ары баары мыйзамдын чегинде болот”, — деди Ташиев.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда «Кабар» улуттук агентигине курган маегинде селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирген.

Ош мэриясынын Жарандык коргонуу комиссиясы селден жабыркаган соодагерлердин чыгымдарын эсептөө иштери башталганын 18-июлда кабарлады.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Оштогу борбордук базарды, бир катар айылдарды сел каптады. Анын кесепетинен беш киши каза болуп, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM