Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү кырсыкта жараат алган дагы эки бала каза болду

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 878 | 0

Ысык-Көлдө 17-июлда болгон жол кырсыгында ооруканага жеткирилген дагы эки бала каза болгону кабарланды.

17-июлда Өрнөк айылындагы Балыкчы-Каракол унаа жолунун 59-чакырымында Toyota Avensis жана Mercedes-Benz W210 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Тойотада мурдагы депутат, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана жээндери болгон. Атасы менен апасы жана алардын 9 жаштагы небереси кырсык болгон жерде мерт кеткен. Дагы эки бала ооруканага жаткырылган. Алар да алган жараатынан каза болгону белгилүү болду.

Дагы 17 жаштагы өспүрүм палатага которулуп, 14 жаштагы кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жалпысынан унаада беш бала жана чоң ата, чоң энеси болгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жол кырсыгында көз жумган 68 жаштагы аял Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева экенин билдирген.

«Марал» радиосунун жалпы жамааты Аида Касымалиевага жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева каза болду

Copyright © 2017 Maral FM