Биз менен байланышыңыз

Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева каза болду

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 1245 | 0

68 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын жетекчиси Бактыгүл Мырзаева дүйнөдөн кайтты.  Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында 17-июлда болгон жол кырсыкта Бактыгүл Мырзаева жолдошу жана небереси менен көз жумган. Каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы өкүлү, мурдагы депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси экени маалым болду.

Бактыгүл Мырзаевна 1977-жылдан 1979-жылга чейин Өзгөн райондук китепканасында бөлүм башчы болуп иштеген.

1979-1982-жылдары Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында китепканачы, усулдук бөлүмдүн башчысы, 1993-жылы аталган китепкананын директору кызматында эмгектенген.

1996-1999-жылдары Ош шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болгон.

1999-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM