Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир суткада таштанды үчүн млн сомдук айып салынды

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 215 | 0

Бишкек мэриясына караштуу муниципалдык инспекция тарабынан борбор калаада көрктөндүрүү эрежелери сакталбаганы үчүн 1 млн 088 миң сомго 81 протокол түзүлдү.

Анын ичинде Октябрь району боюнча 301 миң сом, Ленин районунда 275 500 сомго, Биринчи май районунда 263 500 сом, Свердлов районунда 248 000 сом айып салынган.

Мэрия таштанды таштоочу жайларга видеокамераларды орноткон. Мындай кадам Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 115-беренесине ылайык жасалууда. Бул берене «Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө» деп аталат. Тартип бузгандар административдик жазага тартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM