Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө скутер сүзүп кеткен жаран каза болду

Кыска кабар | 18 Июл 2024 | 795 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көлдө скутер сүзүп кеткен жаран каза болду. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Окуя 15-июлда Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында болгон. Скутер эс алуучуну сүзүп кеткен, жабырлануучу эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген, бирок эртеси алган жараатынан улам каза болгон.

Ал 42 жаштагы Казакстандын жараны, Балыкчы шаарынын тургуну экени аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө суу скутеринин ээси Ысык-Көл районунун 1992-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну экени, ал эми скутерди 2006-жылы туулган жергиликтүү тургун А.А. башкарып жүргөнү аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM