Биз менен байланышыңыз

Ак илбирске аңчылык кылгандарга 2 млн сом айып салынат. Браконьерлерге жаза күчөтүлдү

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 135 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн айып жогорулатылганын билдирди.

Ага ылайык, ак илбирсти аткардарга 2 млн сом айып салынат, буга чейин айыптын көлөмү 1,5 млн сом болгон.

Аркар, күрөң аюу, марал, бугу, жейренди аткандарга 1,5 миллион сом айып салынат, буга чейин 1 миллион сом болгон.

Букачарга зыян келтиргендерге 300 миң сом айып салынат, буга чейин айыптын көлөмү 100 миң сом болгон. Эликти аткандарга 100 миң сом (50 миң сом болгон).

Министрликтин маалыматына караганда, Министрлер кабинетинин токтому менен өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине, мумияларды камтыган зыян үчүн айыптык санкциялардын өлчөмүн эсептөөнүн ставкаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу юридикалык жана жеке жактар тарабынан минералдык чийки заттар жана козу карындар;

— жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммаларын пайдалануунун тартиби белгиленген.

Айып пулдардын  өлчөмүн көбөйтүүнүн максаты, өсүмдүктөрдү жана фаунаны коргоонун натыйжалуу системасын түзүү болуп эсептелет. Биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу секторун коргоону камсыз кылуу, жана жапайы жаныбарлардын, флоранын санын көбөйтүү боюнча бирдиктүү мамилени аныктоо болуп саналат.

“Бул өзгөртүүлөр жаныбарлардын жогоруда аталган түрлөрү үчүн жыйымдарды жогорулатууга, ошондой эле жарандарга жана коомдук инспекторлорго дооматтардын суммасынын 50% өлчөмүндө сый акы төлөө механизмин белгилөөгө тиешелүү экендигин эскертебиз. Мыйзам бузгандар боюнча маалымат берген  жарандарга 50% сыйлык төлөнөт”, — деп айтылат маалыматта.

Ак илбирске аңчылык эмес, аярлоо керек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM