Биз менен байланышыңыз

Ак илбирске аңчылык эмес, аярлоо керек

Блог , Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 321 | 0

Ак илбирс Борбордук жана Түштүк Азиянын бийик тоолуу аймактарын байырлайт, дүйнө боюнча Азиянын 12 гана өлкөсүндө таралган уникалдуу жаныбар. Экологдордун айтымында ак илбирстин саны адамдын аңчылык кылуусунан жана экосистеманын  бузулушунан жылдан жылга азаюууда.

2023-жылы президент Садыр Жапаров ак илбирсти Кыргызстандын мамлеклекттик символу катары тааныган жарлыкка кол койгон. Буга ылайык өкмөткө жана тиешелүү министликтерге ак илбирске кам көрүү, аңчылык менен күрөшүүгө жана  жатарылышта ак илбирстердин санынын көбөйүшүнө жакшы шарттарды тузүүгө тапшырмалар берилген.

Кыргызстандын кайсы кырка тоолорун илбирстер байырлайт? Алардын саны канча? Канча фото тузактар коюлду? Бул суроолорго Ак Илбирс фондунун координатору  Кошкин Максим жооп берди.

 “Азыркы тапта илбирс фонду тарабынан 120дай фото тузактар орнотулган, жалпысынан 200 фото тузактар бар кээ бир учурда алардын бардыгы тиешелүү жерлерге орнотулат, жакында эле анын алтымышын чечип келип текшерүүдөбүз. Кыргызстанда ак илбирстин саны канча экенин так билиш үчүн ар бир кырка тоолорго, аймактарга фото тузактарды орнотуп, изилдөө жүргүзүш керек. Биздин орточо эсеп менен 300дөн 400 гө чейин Кыргызстанда ак илбирстер бар. Менин билишимче бул жылы экология министрлиги уюмдар менен биргеликте так санын аныктоого аракет кылып жатат. Кыргызстандын аймагында көбүрөөк ак илбирстер байырлаган аймак катары СарыЧатырТаш коругу, ЖетиӨгүз аймагы жана Кыргызстандын чыгышындагы Хан-Теңири кырка тоолоруна жакын аймактар эсептелет.

Аңчылык менен күрөшүүдө өмүр бою аңчылык кылган адамдарды токтотуу кыйыныраак. Эгер жаратылышты коргоо боюнча билимди балдардын мектептеги кезинен баштап, университеттен улантсак алардын аңчы болушунун алдын алат элек деген ойдомун”.

НАБУ уюму кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо максатында аңчылыкка каршы күрөшүп, ветеринардык колдоо көрсөтөт. Уюмдун директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында он жылда жети илбирске реабилитациялык борбордон ветеринардык колдоо көрсөтүлгөн.

 “Биздин уюм түзүлгөндөн бери 7 илбирс реабилитациядан өткөн. Бирок ал илбирстер табиятка коё берилген жок. Алардын бардыгы карып же түрдүү жаракаттары алгандар болду.Жараат алган илбирстерди жаратылышка коё бергенде, жашоону уланта албайт болчу. Андыктан карып же ооруп калган жаныбарларга ветеринардык колдоо көрсөтүп келебиз. Жапайы жаратылышта илбирстер негизи 12-13 жыл гана жашайт. Бизде реабилитациялык борбордо ветеринардык колдоо көрсөтүлгөн илбирс 22 жашка чейин жашаган учуру болду”.

Ак илбирс суук климатта, бийик тоолуу аймакта жашаган сүт эмүүчү, мышыкка тектеш жаныбар. Экологдор климаттын өзгөрүшү, күндүн жылышы тегиздиктеги жаныбар-өсүмдүктөргө эле эмес, тоолуу акмакта байыр алган жаныбарларга дагы коркунуч жаратып жатканын айтып келишет. Ак илбирс 1948-жылы түзүлгөн Эл аралык жаратылышты коргоо уюмунун кызыл китебине кирген. Экологодордун айтымында дүйнө боюнча ак илбирстер 4000миңден 7000ге чейинки гана аз санды түзөт. Бул уникалдуу жаныбар Кыргызстанда СССР мезгилинде 1985 жылы кызыл китепке кирген. 2017-жылы ак илбирске аңчылык кылгандарга айып пулдун көлөмү  500 миң сомдон  1,5 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM