Биз менен байланышыңыз

«Аялдар жана зомбулук». Бишкекте италиялык сүрөтчүнүн көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 138 | 0

23-июль күнү Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин «Жашыруун күндөлүк- күзгү артында жашоо» аталышындагы жеке көргөзмөсү болот.

Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Пильоненин илюстарциялары аялдардын жан дүйнөсүнө, жашоону кабыл алуусуна арналат.

Сурөт тартуу техникасы акрил менен ар бир деталды тартып чыгып, аларды кайрадан окуяга байлап, бириктирип композиция түзүүдөн турат.

Эл аралык көргөзмөнүн максаты, Италия айымдары зомбулукка кабылганда мамлекет, коом кандай мамиле кылаары тууралуу маалымат алып, айымдардын жеке өсүүсү, психологиялык оор кырдаалдан чыгуусу боюнча пикир алышуу, тажрыйба алмашуусун уюштуруу болуп эсептелет.

Луиза Пильоне кесиби боюнча медайым жана азыркы кезде эл аралык көргөзмөлөргө катышып, өзүн арт-терапевт катары да таанытып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM