Биз менен байланышыңыз

УКМК Ташиевдин атын жамынган блогерлерге кайрылды

Кыска кабар | 17 Июл 2024 | 185 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети акыркы мезгилде айрым белгилүү блогерлер жана интернет активисттери тарабынан абийирсиз иш-аракеттердин фактылары байкалып жатканын билдирди.

Маалыматта алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, акча берсе жарандардын ар кандай маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылып жатышканы айтылат.

УКМК кабылдамага берилген жарандардын арыздарын жана кайрылууларын, ошондой эле электрондук почтага келген каттарды «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдын ченемдерине ылайык карайт.

Буга байланыштуу абийирсиз адамдар тарабынан алдамчылык фактыларына жол бербөө максатында коомчулукту билип туруп мыйзамсыз аракеттерди колдонбоого, мыйзамда белгиленген тартипте УКМКнын дарегине кайрылууга чакырат.

«Атайын кызматтын төрагасы менен тааныштыгына жамынган адамдар тарабынан алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жарандарды 0-312-62-05-85 номерине кайрылууга чакырабыз» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM