Биз менен байланышыңыз

Чукул билдирүү. Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 128 | 0

18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүң тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин алдын алуу үчүн арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөгө чакырат. Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арык болушу керек.

Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буру керек.

14-июлда Ош облусунун аймагында сел жүрүп, 5 адам каза болду. Ага чейин Ноокаттагы селден 10дон ашык киши мерт болгон. Турак жайлар, социалдык объектилер, көпүрөлөр жабыркап, мал-жандыктар өлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM