Биз менен байланышыңыз

Каракол-Эңилчек жолу бир тарапка ачылды

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 187 | 0

Бүгүн саат 11:45 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кадыр-Аке айыл аймагынын Эңилчек айылында кыска мөөнөттүү жааган жамгырдын кесепетинен сел суулары 10 турак үйдүн короосун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ак-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана аталган айыл аймактын 2 кызматкери тартылган. Жергиликтүү тургундар менен суу нугун буруу аракеттерин жасашкан.

Ушул эле күнү Каракол – Эңилчек унаа жолунда 75-76-77-чакырым аралыктарында 4 тилкеде болжол менен 1482 м3  таш көчкү түшкөнү маалымдалган.

Куткаруучулар тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылган. Жолду кеңейтүү иштери  бүгүн, 16-июлда жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM