Биз менен байланышыңыз

УКМК эки милиция кызматкери пара менен кармалганын билдирди

Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 362 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети пара алууга шек саналган эки милиция кызматкерин кармады.

Маалыматка караганда, Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү М.Б.А. жана милициянын капитаны М.Б.Б. уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң жакка чечип берүү үчүн жергиликтүү жарандан 160 миң сом талап кылышкан.

11-июлда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери опузалап 20 миң сом акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM