Биз менен байланышыңыз

Сот жашыруун документтер боюнча Трампка козголгон ишти токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2024 | 239 | 0

Флорида соту жашыруун документтерди мыйзамсыз сактоо боюнча АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка каршы козголгон ишти токтотту. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосуна таянып, Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Мындай чечимди мурда Трамптын сунушу менен судья болгон Айлин Кэннон чыгарды. Ал атайын прокурор Жек Смит мыйзамсыз дайындалган жана ишти тергөөнү жетектөөгө укугу болгон эмес деген токтом чыгарды.

Смитти АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд дайындаган. Сот жогорку федералдык чиновниктерди дайындоого президент менен Сенат гана укуктуу деп чечти.

Трамп жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаган, кутум уюштурган жана жалган билдирүү жасаган деп айыпталган. Жогорку Сот Трамп юридикалык иммнитетке ээ деген чечим чыгарды.

15-июлда Висконсин штатында Республикачылардын улуттук курултайы башталган. Анда Трамп президенттикке расмий түрдө көрсөтүлүп, ал вице-президенттикке талапкер ким болорун жарыялайт.

АКШ: Трампка кол салууга аракет кылган адам аныкталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM