Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трампка кол салууга аракет кылган адам аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2024 | 596 | 0

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Пенсильванияда шайлоо өнөктүгү учурунда сөз сүйлөп жаткан жерде ок аткан адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин АКШнын Федералдык иликтөө бюросу билдирди.

Маалыматтарга караганда, Крукс Пенсильвания штатындагы Бетел Парк шаарынан болгон. Бул шаар Трампка кол салуу болгон Батлер шаарынан 70 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

«Активдүү иликтөө уланып жатат жана тергөөгө жардам бере турган маалыматы бар адамдардан онлайн режиминде сүрөттөрдү же видеолорду тапшыруу сунушталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Дональд Трамп Пенсильванияда шайлоо өнөктүгү учурунда сөз сүйлөп жаткан жерде ок атылды. Трамптын сөзү токтотулуп, бети канжалаган абалда аянттан чыгарылды.

BBC орус кызматынын маалыматына караганда, ок аткан киши набыт болуп, дагы бир адам каза тапканы айтылууда. Ок Трамптын оң кулагына тийген.

Республикачылардын президенттикке талапкери алдыдагы ноябрда боло турган шайлоодо чечүүчү күч болгон Пенсильвания штатындагы Батлер шаарында тарапташтарынын алдында сүйлөп жаткан.

Трамптын артында плакаттар менен анын тарапташтары турган. Тараган видеолорго караганда, Трамп АКШдагы мыйзамсыз мигранттардын саны тууралуу айтып жатканда ок атылган.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM