Биз менен байланышыңыз

«Каракол» аэропортундагы курулуш күзүндө бүтөт

Кыска кабар | 14 Июл 2024 | 264 | 0

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинин жана жаңы имаратынын курулушун көрдү.

Саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу жакынкы арада аяктайт. Бул аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул объекттин курулушу быйыл күзүндө бүткөрүлүп, объект пайдаланууга берилерин билдирди.

Долбоорго ылайык, жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу пландалууда. Бул өзгөртүү эки моторлуу, орто аралыктагы кууш фюзеляждуу жүргүнчүлөрдү ташуучу, кыска жана орто аралыкка учуучу учактарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Президент аэробекеттин ички имараттарын көрүп чыгып, аэропорттун курулушунун сапатын эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына шайкеш келтирүүнү көзөмөлгө алууну Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM