Биз менен байланышыңыз

Энергетика министри Чүй электр тармактар ишканасын текшерди

Кыска кабар | 13 Июл 2024 | 231 | 0

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын райондук электр тармактарынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, анда министр «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун орун басары Илгиз Сыдыгалиев жана Чүй ЭТИнин директору Данияр Шабданов менен биргеликте Аламүдүн, Кант, Ысык-Ата жана Чүй райондук электр тармактарына барышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө административдик имараттар, диспетчердик пункттар, техникалык парктар, энергетикалык жабдууларды сактоочу кампаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Министр күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүш үчүн, сатылып алынган материалдар, электр жабдыктар да сапаттуу болушу керектигин айтып, жетекчилерге ушул жагына көңүл буруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Андан тышкары, Таалайбек Ибраев райондук электр тармактардын жетекчилери жана кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда акылдуу эсептегичтерди орнотуу, оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоо, оңдоо иштери убагында коопсуздук эрежелерин сактоо, социалдык маселелер, энергетиктердин балдарына бала бакча куруу жана техперсоналдын эмгек акысы боюнча маселелер талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM