Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдордо биринчи жолу «Бизнес аналитика жана статистика» багыты ачылууда

Кыска кабар | 13 Июл 2024 | 215 | 0

Жаңы 2024-2025-окуу жылынан баштап Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайларында бакалавриат жана магистратура программалары үчүн «Бизнес аналитика жана статистика» багытын ачышууда.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, аталган жаңы багыт ачылып жаткан билим берүү мекемелеринин тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  • И.Раззакова атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (бакалавр жана магистратура)
  • М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети ИИУ (бакалавр)
  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети (бакалавр)

Бул инновациялар Улуттук статистика комитетинин акыркы 2 жыл ичинде ЖОЖдор менен болгон иш-аракеттеринин аркасында ишке ашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM