Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 12 Июл 2024 | 244 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым аймактарда жаан нөшөрлөп жашайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын  температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM