Биз менен байланышыңыз

Лаззат Нургожоеванын жигитинин агасы да камакка алынды

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 273 | 0

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигитинин агасы Тариэл Сабырбеков да камакка алынганы белгилүү болду.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 3-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Лаззат нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков баңгизат ишине байланыштуу кармалганы 9-июлда кабарланган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп, соттун чечими менен 3-августка чейин камакка алынган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда өлкө башчынын жакыны Лаззат Нургожоеванын жигити өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку  бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) көздөгөнү маалым болгонун айткан. 

Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити колун тик учак менен барып сураганы коомчулукта катуу талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM